Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
12-январь күнү Свердлов РИИБге жаран кайрылып, 11-январь күнү саат 20:00 чамасында 2007-жылы туулган кызына карата Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрдүн кесилишинде белгисиз адам күч колдонуп 40 миң сом түзгөн Айфон 11 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алган жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2004-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram