Royal
SerepTV Logo

Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен баланы ата-энесине таап беришти

Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен баланы ата-энесине таап беришти

Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен 6 жашар баланы ата-энесине таап беришти. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук милициясынан билдиришти.

21-март күнү саат 17:25 чамасында шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө шаар тургуну чалып, 2014-жылы төрөлгөн уулу "Жал-Артис" кичирайонунда жайгашкан үйүнөн ойногону көчөгө чыгып, ошол бойдон дайынсыз кеткенин билдирген.

Милициянын издөө-иликтөө иштеринен кийин саат 20:30 чамасында бала Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүнөн табылган. Ал ойноп жүрүп, адашып кеткени белгилүү болду. Бала аман-эсен ата-энесине өткөрүп берилди.

https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/163381081_314792610072731_3220526509963652599_n.jpg" alt="" width="477" height="597" />
Unknown Author