27-апрелде социалдык тармактарда жаран мас абалында милиция кызматкерлерин сөгүп, “Мен офицермин” деп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей коомдук тартипти бузган видео тараган.
Аталган факты Октябрь РИИБге катталып, 1990-жылы туулган жаран милицияга жеткирилип, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине (майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин райондук башкармалыктын убактылуу камерасына камакка алынды.
«Коомдук тартипти жана мыйзам бузгандарга карата милиция кызматкерлери тарабынан күтүүсүз чаралар көрүлөт жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендерге 280-беренеге (бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү) ылайык 3 жылдан 5 жылга чейин жазага тартылат», — деп айтылат маалыматта.