Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерин сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерин сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Кылмышка шектелип, 1991-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин Тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кечээ, 9-февралда аталган кызматтан маалымат таратышып, Бишкекте айдоочу жол тыгынын жөнгө салып турган милициянын кайгуул кызматкерин Тoyota Vitz үлгүсүндөгү унаа сүзүп, качып кеткенин билдиришкен. Окуя Чыңгыз Айтматов менен Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Болжол менен анын такси кызматында иштери жана мамлекеттик номуру Орусияныкы экендиги айтылган.