Сатуу максатында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, министрликтердин биринин жетектөөчү адиси кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
22-октябрь күнү саат 21:40 чамасында ИИМдин кызматкерлери ыкчам-издөө чараларын жүргүзүүдө Бишкек шаарынын Манас проспектисинде жайгашкан турак үйдүн короосунда 1989-жылы туулган жаранды кармашкан, аны кармоо учурунда тоголоктошкон формадагы кочкул жашыл заттарды жерге ыргытууга аракет кылган. Кармалган жарандын жашаган жери боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү «Гектар» аттуу кызматтык издөө итин колдонуу менен 10 даана өлчөмдөгү баңги каражаттар табылган жана алынган.
Алынган буюмдардын жалпы саны 18 даана болду. Жүргүзүлгөн экспертизага ылайык, алынган баңгизаттар кара куурайдын «гашиш» чайыры экени аныкталды.






