26-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө райондук башкармалыктын жашы жете электер менен иштөө инспектору, милициянын ага лейтенанты №3 мектептин эки классташ балдар мушташып кеткенин билдирген.
Аталган факты Октябрь РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тиешелүү иштердин жүрүшүндө мушташка катышкан окуучулар аныкталды. Алар ата-энелери менен биргеликте милиция бөлүмүнө чакырылган.
Мектеп окуучуларынан жана ата-энелеринен түшүнүк каттары, ата-энелерден балдарынын жүрүм-турумун туура көзөмөлдөөгө милдеттүү экендигин тастыктаган тил каттар алынды. Мындан тышкары, окуучулар жана алардын ата-энелери менен мындай жагдайларды кайталоого жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.











