Бишкекте мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн ишкана аныкталды. Эми анын салынган үйлөрү сүрдүрүлөбү?

УКМК тарабынан Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдү тийиштүү шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерсиз куруу боюнча системалуу фактылары аныкталды. Бул архитектуралык-курулуш көзөмөлү жаатындагы туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында орун алган. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан таратышты.

Маалыматка караганда, ири курулуш компанияларынын бири текшерүү жана уруксат берүү, ошондой эле курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин тобунун колдоосун пайдаланып, узак убакыттан бери курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келгендиги аныкталды.

Ошол эле учурда, мыйзамсыз орнотулган объектилер, белгиленген ченемдерди бузуу менен, курулуш-монтаждоо иштери үчүн зарыл болгон инженердик тармактарга мыйзамсыз кошулган.

“Жооптуу жогорку кызматтагы кызматкерлер жана куруучулар тарабынан жасалган мындай аракеттер ошону менен келечектеги жашоочулардын ден соолугуна, ошондой эле жакын жайгашкан турак үйлөргө техногендик кырсыктын жогорку тобокелдиктерин жаратат. Дагы бир терс элемент — бул турак-жай конушундагы аэрация режимин эсепке албастан көп кабаттуу үйлөрдүн жайгашуусунун дал келбестигинен улам Бишкек шаарынын экологиялык абалынын курчушу, абада чаңдын көбөйүшүн шарттайт”, — деп жазылат маалыматта.

Мыйзамдарга ылайык, белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузуу менен курулган имараттар, куруучунун эсебинен милдеттүү түрдө бузулууга жатат, эч кандай компенсация төлөбөй туруп, мүлктү сатып алуучулардын кызыкчылыгына зыян келтирген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Мыйзамсыз салынган объекттер «Elite House» курулуш компаниясына таандык.