Мурда «Октябрдын 40 жылдыгы» атындагы тигүү фабрикасы – «Айгүл» АККтын балансында турган бала бакчанын имараты мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткен. Аталган бала бакча комплекси мамлекетке кайтарылганын УКМКдан билдиришти.
«Социалдык багыттагы объекттин менчик ээлери бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүшүп, мамлекеттин балансына ыктыярдуу түрдө кайтарып беришти. Бала бакча комплексинин пайдалуу аянты 1810 чарчы метр, жалпы аянты 0,65 гектар болгон 2 кабаттуу 280 орунга ылайыкталган», — деп жазылат маалыматта.
Аталган объект Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан реконструкциялоо боюнча планга киргизилет.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Балыкчы шаарынын тургуну Кыял Апсаматова кайрылып, 13 жаштагы уулу Нурсултан Канатбек уулу 26-мартта асынып өз жанын...
18-июнда Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Бишкектеги 7-кичи райондогу үйлөрдүн алдында эркек киши бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу...
Социалдык тармактарда «1-класста окуган баланы 5,8 жана 9-класста окуган окуучулар зордуктап жүргөн» деген видео тараган. Бул боюнча Бишкек ШИИБге кайрылганыбызда, аталган...
Ош шаарында күрөөкананы карактап кетишкен. Шектүүлөр Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. 11-июнь күнү болжол менен түнкү саат 04:30...