Бишкекте мышыктарды тепкилеген аял бошотулду. Октябрь РИИБден аялга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң коё берилгенин билдиришти.
2-сентябрда социалдык тармактарда Тунгуч кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аялдын мышыктарды тээп жаткан видео тараган. Милиция кызматкерлери тарабынан 1970-жылы туулган аял кармалып, тиешелүү тергөөгө чейинки иш-чараларды жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.











