Кечээ, 28-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту өгөй кызын уурдап, өлтүрүүгө шектүү жаранга карата өкүм чыгарды.
Маалыматка караганда, ал коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошондой эле мүлкү конфискацияланат.
Өткөн жылы Бишкек ШИИБ маалымат таратып, өгөй кызын уурдап, өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирген. 30-октябрь күнү Биринчи Май РИИБге Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, анын жолдошу БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаасы менен 2007-жылы туулган кызын уурдап кеткенин билдирген. Аталган факты катталып, тийиштүү издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында, 1972-жылы туулган шектүү башка унаа менен Ысык-Көл облусунда жүргөнү аныкталып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Жашы жете элек 2007-жылы туулган өгөй кызын шектүү өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү аныкталып денеси Чүй облусунун аймагынан табылган.











