Бишкекте ойноп жатып, жоголуп кеткен 11 жана 6 жаштагы бир туугандар табылып, ата-энесине өткөрүп берилди

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн балдарды таап беришти. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агентигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-мартта Сокулук РИИБге 1987-жылы туулган аял арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 12:30 чамасында 2011 жана 2016-жылы туулган балдары Новопавловка айылындагы сейил бакта ойноп жатып, жоголуп кеткендигин айткан. Бул боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, Бишкек шаарынын Панфилов сейил багынан балдарды таап, ата-энесине өткөрүп беришти.