Бишкектин Аламүдүн-1 кичи районунда окуучу кызды унаа сүзүп, каза болгон. Бул тууралуу соцтармак колдонуучулары жазышты. Ошондой эле унаанын айдоочусу качып кеткенин билдиришти.
ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан айдоочу кармалганын билдиришти. «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жооптуу кызматкери, издөө бөлүмү жана ыкчам тергөө тобу окуя катталган жерде иш алып барууда»,- дешти.