Бишкекте окуучу кызды сүзүп, качып кеткен делип 19 жаштагы кыз кармалды

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-октябрда саат 17:00 чамасында Эркиндик бульвары менен Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинен Chevrolet Spark үлгүсүндөгү унаа 2009-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү ооруканага жаткырылган. Бул факты боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада унаанын 2002-жылы туулган айдоочусун (кыз киши) таап, Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүп беришти. Ал эми унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.