Бишкекте өрт чыккан үйдүн ичинде жаш келин баласы манен калып калган (видео)

Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 3 жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 14-сентябрда Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 13:58де 2 бөлүм тартылган. Саат 14:15те өрт чектөөгө алынып, саат 14:46да толук өчүрүлгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 26 жаштагы келин 3 айлык наристеси менен жана 74 жаштагы аял киши куткарылды. Ошондой эле 40 жаран эвакуацияланган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.