Бишкекте өрттөнгөн 2 унаа. Жабыркагандар катталган жок

Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндө эки унаа күйгөнүн окуянын күбөсү билдирген.

Кырсык боюнча ӨКМден маалымат беришти. Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун Пудовкин жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил 2 унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн

Өрттү өчүрүүгө саат 11:19да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:48де өчүрүлдү. Маалыматка ылайык, унаа токтотуучу жайда турган Mazda унаасынан өрт чыгып, өрттүн жалыны жанында токтоп турган BMW X7 үлгүсүндөгү унаага өткөн. Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.