Блогер Эртай Искаков социалдык тармактагы баракчасына үйлөрдүн биринин подъездинде тартылган видео менен бөлүшкөн. Видеодон көргөндөй эркек киши өспүрүм баланы башка чаап жиберген.
Окуя тууралуу Ленин РИИБ маалымат берип, жарандын кармалганын билдиришти. «Милиция кызматкерлери бейбаштыкка шектелген жаранды кармашты. 19-апрель күнү Ленин РИИБге жаран белгисиз адамга карата чара көрүүгө арыз менен кайрылган. Анткени ошол эле күнү кечки саат 20:40 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинен 2009-жылы туулган баласын эч себепсиз сабап, денесине залал келтирген.
Аталган факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон жана соттук-медицинадык эктпертиза дайындалган. 1991-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалып Тергөө кызматына жеткирилген. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда», — дешти.