Унаа башкарууга укугу жок туруп, одоно жол эрежесин бузган өспүрүмгө 50 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Жол тескөөчүлөр кызмат өтөө учурунда Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын мамлекеттик номуру жок, терезелерин мыйзамсыз караңгылатып бара жаткандыгын көрүшкөн. Айдоочу кызматкерлердин токтотуусуна баш ийбей качкан. Акыр аягы унааны токтотуп, текшерүү учурунда өспүрүм унаа башкарууга укугу жок туруп, мыйзамсыз терезелерин караңгылатып, мамлекеттик номурун атайын чечип башкарып жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча айдоочуга 50 миң 500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











