Бишкекте өспүрүмдүн Iphone 11 pro max телефонун карактап кетишкен. Кылмышка шектелген 19 жаштагы жигиттер кармалды

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелген 19 жаштагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден кабарлашты.

2-август күнү Ленин РИИБге К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 29-июль күнү түнкү саат 02:00 чамасында Рыскулов менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде белгисиз адамдар жашы жете элек инисине бычак такап, күч колдонуп 86 миң сомдук Iphone 11 pro max үлгүсүндөгү телефонун карактап, из жашырып кеткенин айткан. 

Аталган факты электрондук китепчеге катталып, 96-берене (каракчылык) берене менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам  иликтөөнүн жыйынтыгында 19 жаштагы М.Э. жана И.А. кылмышка шектелип кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Учурда шектүүлөрдүн ушуга окшогон башка кылмышка катыштыгы бар-жогу такталууда», — деп жазылат маалыматта.