Бүгүн, 19-февралда саат 10:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Ак-Ордо конушундагы чоң чуңкурда адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жөнөтүлгөн, деп билдирди басма сөз кызматы.
Кайгуулчулар чуңкурдун ичинде жаракат алган жаран ордунан тура албай жатканын көрүшкөн. Окуянын чоо-жайы такталып, 1993-жылы туулган жаран үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өзүн-өзү өлтүрүү максатында чоң чуңкурга атайын кулаганы белгилүү болду.
Ал жаранды Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана аймактык милиционерлер чуңкурдан чыгарып, медициналык тез жардам унаасына жеткиришти.