Бишкекте өзүнө өрт койгон жарандын селсаяк экендиги маалымдалды

Бүгүн, 28-февралда саат 16:00 чамасында Киев менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши өзүнө өрт койгонАл клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Шаардык ооруканадан жаран тууралуу кыскача маалымат беришти. Маалыматка караганда, ал селсаяк болгон жана өзүнө өрт койгон учурда кандайдыр бир зат колдонгон болушу мүмкүн.

Буга чейин Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов жабырлануучунун денеси болжол менен 30 пайыз күйгөнүн айткан.  Ал эми Сверлов РИИБ окуя боюнча териштирүү иштерин баштаганын билдирди.