Бишкекте Памирден келген бала сабалган окуя боюнча милиция маалымат берди

Журналист Зарылбек Шермаматов социалдык тармактагы баракчасына Памирден келген жаран сабалганын жазып чыкты.

«Памирден келген туугандарды кор кылганды качан токтотобуз? Бул баланы 26-мартка караган түнү сабап кетишиптир. Бетине урбаганы менен бөйрөк, боорго катуу ургулашыптыр. Милицияга арыз менен кайрылышса, «силер бул жерде катталган эмессиңер» деп карабай жатыптыр. Мыйзам чегинде сүрүштүрүп коюшса болмок. Алтын-Казык конушунда болгон окуя. Жабырлануучулар кыйналып жашашат экен», — деп жазган ал.

Окуя боюнча Биринчи Май РИИБден маалымат беришти. «Милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анда «Б» аттуу жигит 25-мартта саат 22:20 чамасында 2002-жылы туулган уулун сабап койгондугун айткан. Аталган окуя катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.