1-февралда эки чет элдик жаран Чүй облусунун ЖКККББнын кызматкерлеринен 2500 долларды опузалап акча каражатын талап кылгандыгы тууралуу маалымат Чүй ОИИБге келип түшкөн.
«1-февралда саат 15:20да Чүй облусунун ЖКККББнын кызматкерлери милициянын прапорщиги А.Н. жана милициянын улук сержанты М.Б. Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында кызмат өтөп жүргөндө, айдоочулук күбөлүгү жок чет өлкөлүк Б.А. жана А.Р. аттуу жарандардын башкаруусунда «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Унааны айып короого эвакуациялоо учурунда, чет элдиктер улук сержант М.Б.нын чөнтөгүнө 6000 сом акча каражатын салып, аны видеого тартышкан. Андан соң 2500 долларды опузалап талап кылып, видеоматериалдарды социалдык тармактарга жарыялоо менен коркута башташкан», — деп жазылат маалыматта.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө акча каражаттарын алууда 1990-жылы туулган Б.А. жана 1984-жылы туулган А.Р. аттуу чет өлкөлүк жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кармалган учурда шектүүлөрдөн белгиленген акча каражаты аныкталып, тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.