Буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте белгисиз жигиттер чет элдик студенттерди сабап салгандагы видео тараган. Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти.
Маалыматка караганда, окуя боюнча маалымат милицияга 8-майда саат 02:12де Улуттук хирургия борборунан түшкөн. Анда 2000-жылы туулган Индиянын жараны денесинен жаракат алганы айтылган. Жерине барган Ленин РИИБдин кызматкерлери алдын ала териштирүүдө 7-майда саат 23:45 чамасында Индиянын жараны достору менен Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеде отурганын, аларга 3 бейтааныш жаран келип, эч себепсиз сабаганы маалым болгон. Ошол эле күнү жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган.
Аталган факты Ленин РИИБге кааталып, 280-берене менен кылмыш иши козголду. Учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат. Тергөө уланууда.