Социалдык тармактарда аял кишини сабап жаткан кишинин видеосу тараган. Окуяны өтүп бара жаткан адамдар көрүп калып, арачага түшүшкөн соң, милиция кызматкерлерин чакырышкан.
Окуя боюнча Свердлов РИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, окуя 22-июлда Осмонкул көчөсүндө болгон. Жерине барган милиция 1987-жылы туулган жаран 2001-жылы туулган аялын сабап жатканы аныкталган.
Эркек киши милицияга жеткирилген. Жубайы анын үстүнөн арыз жазган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Келинге коргоо ордери берилген.