Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды саткан шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИБден билдиришти.
25-январь күнү Биринчи май районунун ИИБге белгисиз жаран синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 2001-жылы туулган А.А. аттуу шектүү кармалган. Ал Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
«Шектүүнүн дарегин тинтүү учурунда 188 даана синтетикалык заттар табылган. Алардын жалпы салмагы 367 граммды түзүп, шектүүнүн көрсөтмөсүндө ал заттар 1 миллион 500 миң сомго бааланган. Бардык синтетикалык заттар соттук-эксперттик кызматка жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, шектүү «Альфа ПВП» деп аталган синтетикалык баңгизаттарды «Телеграм» аркылуу алып сатып жүргөнү аныкталган», — деп жазылат маалыматта.
Тергөө иштери улантылууда.