Бишкекте «Притон» аталышындагы рейд жүрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө сауналар, мейманканалар, батирлер текшерилди. Жыйынтыгында, райондук ички иштер башкармалыктарына интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 150гө жакын кыз жеткирилди. Алар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жана тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, рейд учурунда 166 ар кандай кылмыш бети ачылган, дайынсыз жоголгон 9 адам табылып, «Сойкулук менен алектенүү» боюнча 10 административдик протокол түзүлгөн.











