Каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2000 доллар өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы учурунда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. кармалды, ошондой эле ортомчулар катары иш алып барышкан судьянын консультанты Ш.Ч.Т. жана судьянын жакын досу Т.М.Ш. да кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Бул кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, судья К.Н.Т. банктык которуулар аркылуу ушул сыяктуу опузалап талап кылуу жана ири өлчөмдөгү пара катары акча каражатын алуу боюнча бир катар фактылары аныкталды, айыпталган адамдардан которулган акча каражаттарынын алып туруучу болуп судьянын тууганы Т.Н.Н. жана анын эжеси К.А.Т. катышкандыгы такталды. Тергөө иштеринин алкагында судьянын тууганы Т.Н.Н. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ЖАКнын 1-тергөө абагына камака алынды.
5-сентябрда УКМК тарабынан чогултулган материалдарынын негизинде, башкы прокурор аталган судьяга карата Кылмыш-жаза кодексинин 342 жана 343-беренелеринде (Опузалап пара талап кылуу жана алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча экинчи кылмыш иши козголгон. 16-октябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Социалдык тармактын колдонуучусу Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылында 4 балалуу келин балталанып каза болгону тууралуу маалымат жазды. Андагы маалыматка...
Кечээ, 4-октябрда саат 18:30 чамасында Бишкектин Арча-Бешик конушунда 11-класстын окуучусу рулду башкара албай калып, Lexus 470 унаасы менен бала бакчанын...
Баңгизат колдонуу жана сактоо фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Ысык-Көл облусунун тургунунун арызынын негизинде баңги каражаттарды колдонуу/сактоо...
Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК Кыргыз Республикасынын министрликтеринде...
Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан абактарда жана тергөө изоляторунда кармалып турган жарандарга тыюу салынган нерселердин киришине бөгөт коюу жана аныктоо...