Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды сатууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
13-январь күнү Бишкек ШИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына «белгисиз адамдар синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт» деген маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам иш чараларынын жыйынтыгында, Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринин студенти, 2007-жылы туулган кыз аныкталып кармалган.
Тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда, шектүүдөн 110 даана оролгон спецификалык жыты бар белгисиз заттар табылган. Алардын жалпы салмагы 508 граммды түзгөн. Мындан тышкары, шектүүнүн айтымындагы “Альфа ПВП” аталышындагы белгисиз затты социалдык тармагы аркылуу таратууга алышкан.