Бишкекте табылган өрүктүн кыямы Ысык-Көлдөгү нарко-лабораторияны жок кылууга жардам берген (видео)

Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Каракол шаарындагы баңгизат даярдоочу нарко-лаборатория жок кылынды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

26-мартта Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкектин жаңы автобекетинин жанынан 1963-жылы туулган жаран кармалып, колунда көтөрүп жүргөн 2 литрлик айнек банкадагы өрүк кыямынын ичинен жалпы салмагы 67 граммды түзгөн гашиш баңгизаты табылган. Аталган факты катталып, кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда шектүү андан табылган баңгизатты Каракол шаарынын тургунунан алгандыгын билдирген. Анын үйүн тинтүүдө ашкананын ичинен атайын баңги затын жасоочу ишкана (лаборатория) табылып, жалпы салмагы 12 килограмм 450 граммды түзгөн марихуана табылган. Очоккананын үстүнөн желим баштыкка салынган жалпы салмагы 350 граммды түзгөн марихуана да табылган. Тергөө уланууда.