Бишкекте Honda CRV машинасынын айдоочусу таксинин терезесин күрөк менен талкалап салды. Видеону жарандык активист Болот Ибрагимов жарыялаган.
Видеодон «колуңдагыны ташта, эркек болсоң чабышабыз» деп кыйкырган үндү угууга болот. Бул окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат таратып, аталган факты каттоого алынганын, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.