Бишкекте тамактануучу жайдан өрт чыкты

Кечээ, 18-декабрь күнү Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жай өрттөнүп жаткандыгы кабарланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Ал жерге түнкү саат 02:01де 2 эсептик күжүрмөн тартылып, тилсиз жоо саат 02:28де чектөөгө алынып, толук 02:53дө өчүрүлгөн. Өрт кырсыгынын кесепетинен тамактануучу жайдын 20 чарчы метр чатырынын айнектелген кебез жылуулаткычы, пластик шыбы күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу болгон. Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.