Бүгүн, 19-мартта саат 7:35 чамасында Бишкектин Салиев көчөсүнөн жаңы төрөлгөн кыз табылды. Бул тууралуу Сереп Медиага Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ымыркайда Салиев көчөсүндөгү №217 үйдүн жанына ак кездемеге ороп, көк жащикке салып таштап кетишкен. Көчөдөн өтүп бараткан аял баланы байкап калып, милиция чакырган. Жерине келген Свердлов райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу тез жардам кызматын чакырган. Алар баланы «Бөбөктөр үйүнө» алып кетишкен.
Дарыгерлер баланын абалын канааттандырарлык деп баалашууда.
Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, кыздын энеси изделүүдө.