Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ, 6-мартта «Дордой» базары тарапта чыккан өрт боюнча кошумча маалымат таратты. Мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, өрт Кожевенная көчөсүндөгү “Алтын-Тоо” базарынын аймагында жайгашкан текстиль дүкөнүнөн чыккан.
Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзсө, анын ичинен болжол менен 200 чарчы метри күйгөн. Жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. «Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 00:01де чектөөгө алынып, өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда», — дешет министрликтен.
![](https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/158636487_1180491725713024_5073545481570090680_n.jpg)
![](https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/03/158120196_1180491759046354_6915347076999440517_n.jpg)