Ири өлчөмдөгү баңгизат сатууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
Маалыматка карганда, 16-сентябрда милиция кызматкерлери жаштардын баңгизат алып жүргөнү, ошондой эле «Melvin Power» Telegram-каналы аркылуу сатып жүргөнү тууралуу маалымат алышкан. Алар баңгизатты бир жерге катып, андан соң кардарларга Телеграм аркылуу баңгизаттын кайсы жерде катылгандыгын жазышчу. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 267-беренеси (баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери каналды аныктап, баңгизатты каткан жерди табышкан. Укук коргоочулар шектүүлөрдүн изине түшүп, кармалган. Алардын 2002, 2003-жылы туулган жигиттер экендиги аныкталган. Шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Андан тышкары милиционерлер мефедрон катылган жерди табышты. Тергөө ишинин алкагында аларга экспертиза дайындалды. Ошондой эле милиция кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү издеп жатышат.











