Бишкекте Тез жардам унаасы катышкан жол кырсыгы катталды

Бишкекте Тез жардам унаасы жол кырсыкка кабылды. Жол кырсык катталган учурда тартылган сүрөт соцтармактарга тарады. Бул маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан да тактыкташты.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 16-сентябрда Абдрахманов менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Тез жардам унаасы менен жеңил унаа сүзүшкөн. Окуя болгон жерде кызматкерлер иштеп жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча, жол кырсыгынан жабыркагандар жок.