Бишкектеги тез тамактануучу жайда өрт чыкты

Бишкек шаарынын 8-кичи районунда жайгашкан «Шаурма на мангале» тез тамактануучу жайынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 16:54тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар катталган эмес.