Бишкекте тиш дарылатып чарчап калган 3 жашар кыз. Анестезиолог менен медборбордун директору камалды

Бишкектеги тиш дарылатып чарчап калган 3 жаштагы Алия Кубанычбекованын өлүмүнө шек саналып Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун директору да кармалып, камакка алынды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМден тастыкташты.

Ошондой эле сот мурда үй камагына чыгарылган анестезиологдун бөгөт чарасын өзгөртүп, кайра камакка алганын билдирди.

18-декабрда Бишкекте тишин дарылаткан 3 жашар кыз чарчап калган. 12-январда Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шектүү кармалган. Ал 1992-жылы туулган аял киши болгон. Бирок сот аны үй камагына чыгарып жиберген. «Соттук коллегия сот актысын чыгарууда айыпталуучунун туруктуу жашаган жери бар экендигин, тагылган айып анча оор эмес кылмыш категориясына таандык экендигин эске алуу менен үй камагына чыгарылды»,- дешкен