Бүгүн, 7-апрелде саат 8:45 чамасында Бишкектин кең Чүй көчөсүндө жайгашкан ЖЭБдин (ТЭЦ) алдында токтоп турган Тойота Харриер үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар айдап кетти деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.
Бул факты боюнча Бишкек шаарынын аймагында “Тосмо” иш-мерчеми киргизилип, ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган О.Ж. аттуу айдоочу кыз мас абалында унааны айдап бара жаткан жеринен кармалган. Азыркы учурда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Свердлов райондук ИИБнин Тергөө кызматына жеткирилди.
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Балбан-Таймаш конушунда бүгүн, 20-январда техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 09:17де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө...
7-январда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1995-жылы туулган А.З. аттуу жаран өзүнүн жолдошуна карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган....
Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Совет айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 6-январга караган түнү белгисиз...