Бишкекте төрт унаа сүзүштү (видео)

Бишкекте төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Жол кырсыктын видеосу «Короче» телеграм-каналга жүктөлдү.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 25-октябрда Элебесов менен Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде «Дордой» базары тарапта болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, жол кырсыгынан жабыркагандар жок. Борбор калаанын Патрулдук милиция кызматы кырсыктын чоо-жайын тактоодо.