Бишкекте троллейбус жаш кызды сүзүп кетти

Социалдык тармактарда Бишкекте жаш кызды троллейбус сүзүп кеткендеги видео тарады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан окуя боюнча төмөндөгүлөрдү билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. «Кырсык Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде саат 14:00 чамасында катталган. Троллейбус 20-25 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Кыз ооруканага жеткирилди», — дешти.