Бишкекте тургун кыз уурдалганын айтып чыкты. Милиция териштирүү ишин баштады

Социалдык тармактын колдонуучусу кечээ, 23-июнда саат 23:57 чамасында Бишкектин Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде кыз уурдалганын айтып чыкты.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын билдиришти.

“Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы багытталып, тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”,- деп айтылат маалыматта.