Бишкекте түн ортосунда мечиттин терезесинен кирип, 330 миң сомду уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 2024-жылдын 29-сентябрында түнкү саат 03:00 чамасында болгон. Бул факты боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2006-жылы туулган К.Х. кармалган. Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 2 айга камакка алынды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө анын дагы 8 окшош кылмыш фактысын жасоого тиешеси бар экендиги аныкталган.
Учурда кылмыш иши сотко маңызы боюнча кароого жөнөтүлдү.
Посмотреть эту публикацию в Instagram