ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы УКМК менен биргеликте түнкү клубдарда жана оюн-зоок жайларында баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу жана колдонуу фактыларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүштү.
4-майга караган түнү Бишкек шаарындагы жабык түнкү клубда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Иш-чара жаштардын, ошондой эле борбордун конокторунун арасында баңги заттарды сатуу жана колдонуу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлдү. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө түнкү клубдун конокторунан белгисиз түркүн түстөгү таблеткалар, ошондой эле белгисиз жыты жок суюк зат салынган бөтөлкөлөр табылып, алынды. Клубга келгендердин документтерин текшерүүдө төмөндөгүлөр аныкталды: республиканын жогорку окуу жайларында окутуучу ыктыярчы болуп иштеген чет мамлекеттердин жарандары экендиги аныкталган. Баңги затын колдонгон деп шектелген түнкү клубдун коноктору жана кызматкерлери Республикалык наркология жана психиатрия борборуна медициналык текшерүүгө жеткирилди. Жеткирилгендер синтетикалык баңги затын колдонгондорун ачык айтышты.
Тергөө иш-чараларын жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ички иштер органдарына клубдун администраторлору, тейлөө кызматкерлери жана коноктору жеткирилди. Алынган заттар Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза борборунун эксперттерине жөнөтүлдү. Учурда түнкү клубдун иштөөсү токтотулуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат, жыйынтыгы менен түнкү клубдун ээсине карата процессуалдык чечимдер кабыл алынат.
23-декабрда болжол менен саат 21:00дө Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан батирде мурдагы жолдошу аялын атып салганы тууралуу билдирүү...
Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан унааны мас абалында башкарган айдоочу токтотулган. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Текшерүү учурунда айдоочунун айдоочулук...
Чүй районунун акими кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 16-декабрда УКМК тарабынан кум-шагыл аралашмаларын казып...
Бүгүн, 22-декабрь күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Төрт-Көл айылындагы бала бакчадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...