Социалдык тармактарда Бишкекте өзүнө бензин чачып, өрт койгон жарандын видеосу тарады. Маалыматтарга караганда, видео кечээ, 16-апрелде саат 17:25 чамасында тартылган. Видеодогу жарандын мас абалында болгонун, окуяны соцтармактагы баракчасында түз эфирде көрсөткөнү да айтылды.
Милиция окуя боюнча маалымат даярдалып жатканын билдирди. Ал эми журналисттерге Шаардык тез жардам клиникалык ооруканасынан жарандын денесинин 90 пайызы күйгөнүн, абалы оор экенин билдиришти.











