Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен фармацевтикалык ишкананын директору жана ортомчу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында чет өлкөлүк жаран башчылык кылган фармацевтикалык ишканасынын мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталган. Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган фармацевтикалык ишкана тарабынан 17 миллион сомдон ашык суммадагы салыкты жашыруу фактылары аныкталып, салык төлөөчүнүн даттануусунун алкагында жогору турган салык органы тарабынан канааттандырылган.
Өз кезегинде компаниянын өкүлдөрү мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу жана кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө жагымдуу шарттарды түзүү максатында, маселенин оң жагына чечилиши үчүн акчалай сыйлык берүүнү сунуш кыла башташкан. Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында фармацевтикалык ишканасынын директору жана ортомчу УКМКнын кызматкерине 40 миң доллар пара катары берип жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.