Бишкекте унаа уурдоого шектелип, 25 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

12-август күнү Бишкек шаарынын 62 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар уурдап кеткендин айткан.

Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында төрөлүп, Бишкекте жашаган 25 жаштагы жигит уурдалган унаа менен кармалган. Кармалган кылмышка шектүү Свердлов РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген.