Буга чейин социалдык тармактарда «Адам унаанын ичинде каза болду» деген видео тараган. Видеонун автору унаа жуучу жайда айдоочу уктап калып, каза болгонун айтат.
Ленин РИИБдин басма сөз кызматы, окуя 15-майда Алтымышев көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайда болгонун билдирди. Милицияга унаалардын биринде эс-учун жоготкон адам жатканы тууралуу кабарланган.
Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери унаанын терезесин сындырышкан. Дарыгерлер адамдын каза болгонун аныкташкан. 46 жаштагы жарандын жансыз денесинде тактар болгон эмес. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.