9-август күнү саат 22:40 чамасында милицияга Бишкек шаарынын Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан Кыргыз Улуттук университеттин 3-кабатындагы айнектен белгисиз жаран секиргени аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Биринчи май РИИБден билдиришти.
Аталган маалымат Биринчи май РИИБге катталып, милиция кызматкерлери чакырылган дарекке дароо барышкан, барган учурда маалымат тастыкталган. Милиция кызматкерлерине ал жаран менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон эмес, себеби жаран өзүн жаман сезип, милицияга баш ийбей физикалык жана моралдык жактан туруксуз болуп, качып чыккан. Ал көчөдө белгисиз себептерден каза тапкан.
Азыркы учурда каза болгондугунун себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ар тараптуу тергөө амалдары жүрүүдө.








