Бишкекте уурулукка шектелген аял киши кармалды

Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга жаран арыз менен кайрылып, дүкөндөн 21 миң 550 сом алып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө аял милициядан кача баштап, ага издөө жарыяланган. Кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.