Буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте үч киши бирөөнү сабап, бычактаган видео тараган. Окуя боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти.
31-март күнү Ленин РИИБге Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан чайканалардын биринде саат 19:30 чамасында үч адам, 1997-жылы туулган жарандын денесине бычак менен бир нече жолу жаракат келтиргени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Тергөө ыкчам тобу барган учурда маалымат тастыкталып, жабырлануучу алынган жаракаттарынын кесепетинен медициналык мекемеге жеткирилген. Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1995-жылы туулган Ч.Э., 1995-жылы туулган М.Н., 1992-жылы туулган А.Б. аттуу шектүүлөр аныкталып кармалды. Тергөө иштери улантылууда.












